«Кыргызстан» саясий партиясы да бүгүн, 19-августта парламенттик шайлоо алдындагы кезектеги жыйынын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти.
Баштапкы он орундагы талапкерлер:
1. Канат Исаев, партиянын жана фракциянын лидери;
2. Талант Мамытов;
3. Нурбек Алимбеков;
4. Наталья Кулматова;
5. Азиз Турсунбаев;
6. Руслан Чойбеков;
7. Дастанбек Жумабеков;
8. Чолпон Султанбекова;
9. Шаршенбек Абдыкеримов;
10. Данияр Толонов.
Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат.
20-августка чейин шайлоого катышуучу партиялар курултай өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Тизме гендерлик, улуттук квотага ылайык түзүлүшү керек. (ZKo)