Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:20

«Реформа» саясий партиясынын талапкерлери аныкталды


Партиянын логосу.

Бүгүн, 19-августта «Реформа» саясий партиясы шайлоо алдындагы жыйынын өткөрүп, программасын жарыялады. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин аныктады.

Партиянын төрайымы - Клара Сооронкулова, курултайдын төрагасы - Эркин Нурбаев, ал эми катчысы - Азият Жекшеев болду.

Тизменин баштапкы жыйырмалыктагы талапкерлери:

1. Клара Сооронкулова;

2. Мирбек Маматкасымов;

3. Урмат Жаңыбаев;

4. Манас Саматов;

5. Эсен Рысбеков;

6. Рита Карасартова;

7. Тилек Ахматов;

8. Эрулан Кокулов;

9. Назгүл Шекекова;

10. Кыялбек Калбаев;

11. Гүлгаакы Мамасалиева;

12. Эркин Нурбаев;

13. Азият Жекшеев;

14. Елена Воронина;

15. Банур Абдиева;

16. Эмил Сыдыков;

17. Акылбек Сариев;

18. Чолпон Абдрахманова;

19. Акжолтой Тукунов;

20. Сарвар Салимов.

«Реформа» партиясынын отуруму ачык асман алдында өттү.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого үгүт иштери 4-сентябрдан тартып башталат.

20-августка чейин шайлоого катышуучу партиялар жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Тизме гендерлик, улуттук квотага ылайык түзүлүшү керек. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (14)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG