Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы тизмесин жарыялай элек


Адахан Мадумаров жана Темир Сариев. «Азаттыктын» коллажы.
Адахан Мадумаров жана Темир Сариев. «Азаттыктын» коллажы.

19-августта «Бүтүн Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоо алдындагы жыйынын өткөрүп, программасын кабыл алды. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин бекитти. Бирок партиянын саясий кеңеши азырынча тизменин мазмунун жарыялай элек.

Маалыматтарга ылайык, тизменин башында саясий кеңештеги адамдар: партиянын негиздөөчүсү жана лидери Адахан Мадумаров, «Ак шумкар» партиясынын негиздөөчүсү, экс-премьер-министр Темир Сариев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев, «Кыргызстан коммунисттери» партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана башкалар бар.

19-августта парламенттик шайлоого катышуучу он чакты саясий партия жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин түздү.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалган. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат.

Саясий партиялар 20-августка чейин жыйын өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитип, Борбордук шайлоо комиссиясына берүүгө тийиш. (ZKo)

«Бүтүн Кыргызстан»: шайлоого батаны эл берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:34 0:00

XS
SM
MD
LG