Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:50

Москвадан Бишкекке жана Ошко кыргызстандыктар жеткирилди


Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.
Новосибирск-Бишкек каттамындагы чартердик учак. 16-июль, 2020-жыл.

19-августта Орусиянын баш калаасынан Бишкек жана Ош шаарларына чартердик каттамды «Авиа Траффик» компаниясы жүргүздү. Аба компаниясынын Москва-Бишкек багытындагы учагы менен 158 жаран, ал эми Москва-Ош багытындагы учак менен 162 жаран учуп келди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик учак менен мекенине кайтып келген кыргызстандыктардын арасында балдар, кош бойлуу келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар бар. Булардан тышкары каттамга Орусиянын окуу жайларында окуп жаткан кыргызстандык студенттер да кошулган.

Коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери Кыргызстан чет өлкөлүктөр үчүн чек арасын жаап, эл аралык каттамдарды токтоткон. Тышкы иштер министрлиги 20-марттан 1-августка чейин чартердик каттамдар менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн мекенине келе албай жаткан 30 миңдей кыргызстандыкты алып келгенин кабарлоодо. Мындан тышкары Орусиянын Самара, Оренбург шаарларынан 52 автобус менен Казакстан аркылуу кыргызстандыктар алынып келген.

Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы туруктуу аба каттамы ачыла элек. Кыргыз бийлиги орус тарапка каттамдарды жандантууну июль айында сунуш кылган, азырынча Орусиядан оң жооп боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG