18-август күнү Шамалды-Сай шаарчасында балдар ойноочу короодо турникке байланган жипке асылып калган кызды 2027 аскер бөлүгүнүн кызматкери Калысбек Эмилбеков сактап калган. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, аскер кызматкери дем жетпей бараткан наристени жиптен чыгарып, эсине келе түшкөндө аянттагы кыз-келиндерге өткөрүп берген.
Куткарылган Аяна аттуу төрт жаштагы кыздын апасы 19-августта чек арачы Калысбек Эмилбековго ыраазычылыгын билдирди. Шамалды-Сай айылдык кеңеши чек арачыга сыйлык ыйгарды. (ZKo)