Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:15

Кыргызстан пандемияда пахта сатуу маселесин чече элек


Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы пахта талаасы.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы пахта талаасы.

Пахта түшүмүн жыйноо башталып жатканы менен Кыргызстан пандемияда ак буланын түшүмүн кайда, канча сомдон сатууну чече элек.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адиси Чубак Улан уулу пахта экспорттоо боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда пахтаны дыйкандардан жеке жана эл аралык ишканалар сатып алып, башка мамлекеттерге өткөрүшөт.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылдын алты айында былтыркы түшүмдөн 6272 тонна сатылды. Бул бир жыл мурункуга караганда дээрлик 3,5 тоннага аз.

Сатып алуучу мамлекеттер - Түркия, Орусия, Латвия, Беларус, Кытай жана Иран.

Быйыл пахта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 22 000 гектарга жакын жерге эгилген.

Кыргызстанда пахта аянттары 20 жыл мурдагыдан эки-үч эсе азайган. Мурда 80 миң гектардан ашуун жерге эгилип, 200 миң тоннага чейин ак алтын жыйналган.

Пахта колдо терилет, талаада негизинен аялдар иштейт.

2019-жылы ак буланын бир килограммы 40-45 сомдун тегерегинде сатылган. Дыйкандар чыгымды акташ үчүн баа бери дегенде 50-60 сомдон жогору болушу зарыл экенин айтып келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG