Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Министрлик аралыкты сактоого жана беткап тагынууга элди чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жузугуп алгандар жана андан каза болгондор тууралуу статистиканын төмөндөшүнө байланыштуу эрежелерди сактабай коюу туура эмес экенин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августтагы брифингде билдирди.

Үсөнбаев коомчулукка кайрылып, оорунун күчөп кетпеши үчүн социалдык аралыкты сактоо жана беткап тагынуу маанилүү экенин белгиледи.

«Дүйнө жүзүндөгү тажрыйба жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамалары боюнча баарыңыздарды сөзсүз түрдө социалдык аралык жана беткап тагынуу режимин аткарууга чакырам», - деди Үсөнбаев.

Расмий маалымат боюнча 20-августка карата вирустан каза болгондор катталган жок. Өлкөдө пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары жаңы эсеп боюнча 1054 учурда түздү.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 18-августка карата маалыматта вирус жалпы 1498 кишинин өмүрүн алганын жарыялаган. Ушул эле күнү саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн басма сөз жыйынында вирустан каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын айткан.

Пандемия башталган март айынан бери COVID-19 жалпы 42 507 кишиге жукту. Анын 35 486сы айыкты. (NT)

XS
SM
MD
LG