Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Түркияда кылмыш дүйнөсүнүн анабашыларынын бири өлтүрүлгөнү кабарланууда


Надир Салифов.
Надир Салифов.

20-августта бир катар түрк маалымат каражаттары Анталья шаарында Азербайжан менен Орусиянын кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Надир Салифов атып өлтүрүлгөнүн кабарлашты. Кылмышкерлер чөйрөсүндө «Лоту Гули» деген каймана ат менен таанылган ал адамды «Коммерсантъ» басылмасы «мурдагы СССР аймагындагы эң белгилүү мыйзамдагы ууру» деп жазган.

Түркиялык «Sabah» порталы Салифов тууралуу кабарында ресторанда эки киши тамактанып отуруп, бири экинчисин башка атканын, шектүү Анталья-Денизли жолунда кармалганын жазды.

Салифов «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин бар аракетине карабай көз жумганын «Haberturk» билдирди.

Улуту азербайжан, 47 жаштагы Надир Салифов кылмыш дүйнөсүнө жаштайынан аралашкан. «Уурулук», «Бандитизм» жана «Адам уурдоо» беренелери менен соттолуп, 22 жыл Азербайжандын түрмөсүндө отурган. Эркиндикке чыккан соң фамилиясын өзгөртүп, чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Ага Орусияда бир топ берене менен кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG