Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

Харрис АКШнын вице-президенттигине ат салышууга макул


Камала Харрис.
Камала Харрис.

Калифорния штатынан шайланган сенатор Камала Харрис Демократиялык партиянын атынан алдыдагы шайлоодо АКШнын вице-президенттигине ат салышууга макул болду. Президенттикке талапкер Жо Байден сенатор айым өзү менен чогуу жарышка чыгарын ырастады.

55 жаштагы Харристин атасы - АКШга 1961-жылы Ямайкадан көчүп келген, Стэнфорд университетинин профессору. Апасы 1959-жылы Индиядан келип, Америкадагы онкология жана гендик изилдөө тармагында биолог катары эмгектенген.

Харрис өзү узак убакыт бою Калифорнияда башкы прокурор болуп, 2017-жылы Конгресске шайланган.

Экс-президент Барак Обама аны вице-президенттик кызматка идеалдуу талапкер деп атады. Харрис эгер бул кызматка шайланып кала турган болсо, анда Кошмо Штаттардын тарыхындагы алгачкы аял, теги афроамерикалык жана азиялык ындыкара вице-президент болуп калмакчы.

АКШдагы президенттик шайлоо 3-ноябрга белгиленген. Байден менен Харристин башкы атаандашы - учурдагы республикачы президент Дональд Трамп.

XS
SM
MD
LG