Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Бишкекте коронавирустан улам киргизилген айрым чектөөлөр алынды


Бишкек мэриясы коронавирус илдетинен улам киргизген бир катар чектөөлөрдү алып салды.

Троллейбус, автобус жана кичи автобустар дем алыш күндөрү да жүрө баштайт. Коомдук транспорт эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин, түштөн кийин саат 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт. Түшкү үч сааттык тыныгууда автоунааларга дезинфекция жасалат.

Кафе-ресторандар жана башка коомдук тамактануучу жайлар эртең менен саат 7:00дөн түнкү саат 12ге чейин ачык болот. Тамак ташып жеткирүү кызматы күнү-түнү иштей берет.

Соода борборлору, эс алуу комплекстери, дүкөндөр, супермаркеттер эртең мененки саат 7:00дөн түнкү 12ге чейин иштейт.

Сейилбактарга, парктарга, аянттарга киргизилген чектөөлөр алынып, велосипеддерди ижарага берүү кызматына уруксат берилет.

Тойканалар, түнкү клубдар, барлар, караоке-клубдар, кинотеатрлар, интернет-клубдар, компьютердик оюн жайлары жабык койдон кала берет.

XS
SM
MD
LG