Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Өзбек акимине таш ыргытты деп шек саналган жигит кармалды


Шухрат Ганиев Сохтун эли менен жолугушуу учурунда. 31-май, 2020-жыл.
Шухрат Ганиев Сохтун эли менен жолугушуу учурунда. 31-май, 2020-жыл.

Өзбекстандын Фергана облусунун акимине таш ыргытты деген шек менен Сох анклавынын тургуну кармалды. 23 жаштагы Давлатжон Маллаев «жапырт башаламандыкка жигердүү катышкан», «бийлик өкүлүнө каршылык көрсөткөн» деп айыпталып жатканын «Азаттыктын» өзбек кызматы жазды. Редакцияга анын апасы Насимахон Маллаева кайрылып, уулун 10-августта кармашканын айткан.

«Уулум машинесин сатканы Ферганага кеткен эле. Ал жактан кармап, отургузуп коюшуптур. Бул тууралуу мага райондук администрация билдирди» дейт ал.

Азырынча шектүү канча убакытка кармалганы белгисиз.

Кыргызстандын аймагында жайгашкан бул анклавда негизинен тажиктер жашайт. Булактын айынан кыргызстандыктар менен чатакташа кетип, аймакка 31-майда облус башчысы Шухрат Ганиев барган. Элди басмырлады деген жергиликтүүлөр аткаминерди курчап алганы, таш бараңга алганы тууралуу видео тараган.

1-июнда Сохко барган өзбек премьер-министри Абдулла Арипов адамдарды губернатор аралашкан чыр-чатакты унутууга чакырып, бийлик жаңжалга аралашкандарды жазалабай турганын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG