Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:06

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму Азимжан Аскаров боюнча Жогорку сотко кайрылат


Азимжан Аскаров абакта отурган кезинде.
Азимжан Аскаров абакта отурган кезинде.

Бир ай мурда түрмөдө жатып пневмониядан каза болгон Азимжан Аскаровдун укугун коргоп келген «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму укук коргоочуга карата Бишкек шаардык соту чыгарган чечимге каршы Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу «Азаттыкка» уюмдун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди:

«Мыйзамга ылайык Азимжан Аскаровдун укугун коргоону улантып, БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечиминин аткарылышына жергиликтүү жана эл аралык соттордо жетишүүгө аракет кылабыз. Эл аралык деңгээлде кыргыз өкмөтү 2016-жылдан бери эч бир кадам жасаган жок, эч кандай талаптарды аткарган жок. Киши өлсө деле анын жактоочулары жактай берет».

20-августта Бишкек шаардык соту укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн жазган доо арызын карады. Натыйжада мурунку сот бутагынын «бул иште өкмөт жоопкер эмес» деген чечимин күчүндө калтырды. Аскаров былтыр кыргыз өкмөтүн «БУУнун сунуштарын эске албай, чечимин аткарбай жатат» деген жүйө менен сот берген.

2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров камакта кыйноого кабылганын, медициналык жардам жана калыс сот менен камсыз болуу укугунан ажыраганын белгилеген болчу.

12-июнда Бишкектин административдик соту Аскаровдун доо арызын өндүрүштөн кыскарткан. Буга «иштин алкагындагы талашта өкмөт административдик орган катары жооп бербейт» деген жүйө келтирилген. Аскаровдун адвокаттары бул чечимге макул болбой шаардык сотко даттанышкан. 20-августта Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырды.

69 жаштагы Азимжан Аскаров 25-июлда түрмөдө пневмониядан каза болду. Ал 2010-жылдагы июнь окуяларында массалык башаламандык уюштурууга жана киши өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын сөөгү 31-июлда Өзбекстанда жерге берилген. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG