Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Тилек Мураталиев дүйнөдөн кайтты


Тилек Мураталиев.
Тилек Мураталиев.

20-август күнү кечинде «Турар» басмаканасынан ээси Тилек Мураталиев көз жумганы кабарланды. Маркумдун жакындары ал инфаркттан каза болгонун билдиришти.

Тилек Мураталиев 1960-жылы Кочкордо туулган. Маркумдун сөөгү Кочкор районунда, өзү туулуп-өскөн Кызыл-Дөбө айылына коюлат.

Тилек Мураталиев 2016-жылы кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган.

Маркум көзү тирүү кезинде кыргыз акын-жазуучуларына колдоо көрсөтүп, алардын китептерин чыгарып келген.

XS
SM
MD
LG