Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

ӨКМ: дайынсыз жоголгон эки бала аман-эсен табылды


Табылган балдардын бири.
Табылган балдардын бири.

20-августта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Масадан айылындагы каналга сегиз жана 10 жаштагы балдар балык уулоого кетип дайынсыз жоголгон.

Издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) 15 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы балдар 21-августта каналга жакын жайгашкан үйдүн чатырынан аман-эсен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG