Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Министрлик дарыны үй шартында туура сакташ керек экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев кыргызстандыктарга коронавирустун жана пневмониянын экинчи толкунун күтүп, дарыканалардан ашыкча дары-дармек сатып алууга зарылчылык жок экенин билдирди. Ал бул тууралуу 21-августтта онлайн брифинг учурунда айтып, дарыны үйдө сактоо кооптуу экенин эскертти:

«Гепарин сыяктуу дарыларды сактап алгандар бар экен. Андай препараттар өзүнүн шарты менен сакталышы керек. Белгилүү бир температурада, караңгы, кургак, балдар жетпей турган жерде турушу зарыл. Туура сакталбаса же мөөнөтү өтүп кеткен болсо ден соолукка зыян алып келиши мүмкүн. Ошондуктан бул боюнча медицина кызматкерлеринен кеңеш алыш керек. Мындан сырткары, дары-дармектин тышындагы нускамасына көңүл буруңуздар».

Ошондой эле ал жеке жактардын колунан дары сатып алуу сунушталбай турганын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус күчөп турган июль айында дары-дармек кымбаттап, айрымдары табылбай калды. Көбүнчө гепарин, левофлоксацин, азитромицин, ингавирин, арбидол, эргоферон, анаферон, парацетамол деген дарылар тартыш же такыр эле жок болуп жатты.

Өкмөт COVID-19 илдетинин ыктымалдуу экинчи толкунуна даярдык көрүш үчүн коронавирус жана пневмония менен ооругандарга керек болчу дарыларды сатып алып жатканын кабарлаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG