Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:57

Медициналык багыт боюнча ЖОЖдорго кошумча 90 бюджеттик орун бөлүндү


Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

Билим берүү жана илим министрлиги медициналык багыт боюнча билим алуучулар үчүн кошумча 90 гранттык орун бөлдү. Анын ичинен «Дарылоо иши» адистигине 70, «Медициналык-профилактикалык иш» адистигине 20 орун каралган. Мекеме токтом пандемия шартында медициналык адистиктерге болгон муктаждыкты эске алуу менен кабыл алынганын билдирди. Гранттык орундар бөлүнгөн жогорку окуу жайлары:

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы: «Дарылоо иши» адистиги – 25, «Медициналык-профилактикалык иш» адистиги – 10.

Кыргыз-Орус (Славян) университети: «Дарылоо иши» адистиги – 20.

Ош мамлекеттик университети: «Дарылоо иши» адистиги – 25, «Медициналык-профилактикалык иш» адистиги – 10.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Студенттер бакалавриатты аяктаган соң жогорудагы багыт боюнча ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин болот. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg сайтына катталышы керек.

Пандемияда Кыргызстанда медицина кызматкерлери жетишсиз экени байкалды. Оору эң көп катталган июль айында ыктыярчылар бейтаптарды өз алдынча караган учурлар болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG