Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:30

Түштүк Кореяда коронавирустун жаңы очогу пайда болду


Өкмөттүн карантиндик чектөөлөрүнө каршы жүрүш.
Өкмөттүн карантиндик чектөөлөрүнө каршы жүрүш.

Түштүк Кореяда 20-августта 300дөн ашуун адамдын коронавирус жугузуп алышы тынчсыздандырууда. Бул март айынан берки эң жогорку көрсөткүч.

Коронавирустун бул жолку жайылышын «Сараң Жейл» деген чиркөө өткөргөн акциядан көрүп жатышат. Анын мүчөлөрү өткөн аптада өкмөттүн чектөөлөрүнө каршы жүрүш өткөрүшкөн. Вирус аныкталгандардын көбү ошол акцияга катышкан. Чиркөө жетекчиси өзү да бул илдетке чалдыккан. Бирок ал акцияга катышкандардын тизмесин берүүдөн баш тартып, өкмөттүн ишине токсоолдук кылууда.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орун басары Ким Гаң Лип акцияга катышкандарды үйдөн чыкпай отурууга чакырды.

«Мен «Сараң жейл» чиркөөсүнө баргандардан жана Кванхвамундагы каршылык акцияларынын катышуучуларынан жакынкы түйүндөргө барып тест тапшырууну жана анын жыйынтыгы чыкмайынча үйдө отурууну кайра-кайра өтүнөм».

Президент Мун Чжэ Ин да учурдагы абал кооптуу экенин белгилеп, күнүнө коронавирус жугузуп катталгандар көз ачып-жумгуча миңден ашып кетерин эскертти.

Түштүк Кореянын Тэгу шаарында февраль айында коронавирустун очогу да «Шин-Чонжи» христиан сектасына караштуу чиркөөдө пайда болгон. Анда бул вирусту эки миңдей адам жугузуп алган. Вирусту ооздуктоо ишине тоскоолдук кылып, жалган маалыматтарды берген деген кине менен ал сектанын башчысы 1-августта камалган.

Түштүк Кореяда коронавируска кабылгандардын жалпы саны 16 600 адамдан көп, 300дөн ашуун адам каза болду.

XS
SM
MD
LG