Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:03

Пакистан Ооганстан менен чек арасын ачты


Чек араны ачууну талап кылып чыккан пакистандыктар. 19-июнь, 2020-жыл.
Чек араны ачууну талап кылып чыккан пакистандыктар. 19-июнь, 2020-жыл.

Пакистан 21-августта Ооганстан менен чектешкен Чаман чек ара бекетин ачты. Өткөрмө пункту коронавирус пандемиясына байланыштуу март айында жабылган эле.

Пакистандын бийлик өкүлдөрү чек ара Белужистан провинциясынын бийлиги жана аймакка жакын жашаган пакистандыктар менен сүйлөшүүдөн кийин ачылганын билдиришти.

Жергиликтүү эл Чаман бекети аркылуу оокат кыларын, жолду өзгөчө жумушчулар жана соодагерлер колдонушарын айтышып, ачууну талап кылып келаткан эле. Мунун айынан нааразылык акциялары өткөрүлүп, 31-июлдагы акция күч түзүмдөрү менен митингчилердин кагылышына чейин жеткен. Анда алты киши мерт болгон эле.

Эки өлкөнүн 2430 чакырымга созулган чек арасы 1893-жылы Британиянын карамагында турган Индия менен Ооганстан Эмираты тарабынан такталган.

XS
SM
MD
LG