Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

“Биримдик”: Касымалиева мектеп директору менен ЖК депутаты катары сүйлөшкөн


Адиа Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер.
Адиа Касымалиева, Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер.

“Биримдик” партиясынын шайлоо штабы Жогорку Кеңештин депутаты, “Биримдик” партиясынын талапкери Аида Касымалиевага карата Интернетте айтылган дооматтарга жооп берди. Штабдын маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин жетекчиси менен Аида Касымалиева “Биримдик” партиясынын талапкери катары эмес, Жогорку Кеңештин депутаты катары сүйлөшкөн:

“Биринчиден, мындай сүйлөшүүнү коркутуу катары жарыялоонун эч кажети жок. Экинчиден, мектептин директору менен сүйлөшкөн учурда Аида Касымалиева “Биримдик” саясий партиясынан талапкер болуп шайлана элек болчу. Ошондуктан, бул сүйлөшүүнү "партия өкүлү коркутту" деп жарыялоого негиз жок. Үчүнчүдөн, депутат Касымалиева “мектеп жетекчиси кызмат абалынан пайдаланып, эч бир партиянын атынан үгүт жүргүзүүгө укугу жоктугун” туура белгилеген”, -деди Адилет Султаналиев.

“Биримдик” партиясынын шайлоо штабы ЖК депутаты, учурда партиянын талапкери Аида Касымалиева менен мектеп директорунун ортосундагы сүйлөшүүнү саясий оппоненттери тарабынан атайылап жасалган чыр деп эсептейт.

21-августта Интернетте Өзгөн районундагы Ботобеков атындагы орто мектептин директору Рахат Камбардинованын жолдошу Нуркан Осмоналиевдин “Биримдик” партиясына кайрылуусу чыккан. Анда Осмоналиев партиянын талапкери Аида Касымалиева жубайына телефон чалып, башка партияларга үгүт жүргүзүп жатканы үчүн кызматын алып коерун айтып, коркутканын билдирген:

"Вице-спикер Аида Касымалиева жолдошума телефондон опузалап, "эмне үчүн сиздин мугалимдериңиз башка партияларды үгүттөп иштеп жүрүшөт? Курултай бүтсө сиз менен жеке сүйлөшөм, азыркы учурда сиздин маселеңиз каралып жатат, мен барганча мугалимдердин тизмесин даярдап коюңуз" деп коркуткан. Натыйжада жубайым кан басымы көтөрүлүп, ооруканага кайрылууга аргасыз болдук", - деп кайрылды Нуркан Осмоналиев.

Осмоналиев мындан тышкары “Фейсбуктагы” баракчасына жубайынын депутат Аида Касымалиева менен “Вотсаптан” сүйлөшкөн сөздөрүнүн сүрөтүн жарыялаган. Бирок анда Аида Касымалиеванын сөздөрү дээрлик бардыгы өчүрүлгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 19-августта “Биримдик” саясий партиясынан парламенттик шайлоого талапкер болуп шайланган. Ал тизмеде 8-катарда турат.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоого катышуу ниети менен Борбордук шайлоо комиссиясына 44 саясий партия кайрылган. Натыйжада 22 партия гана курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин бекитти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG