Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, акыркы суткада COVID-19 илдетинен жана пневмониядан каза болгондор катталган жок.
Ал эми бир сутка ичинде оорудан 225 адам сакайып, ооруканадан чыкты. Ушуну менен пандемия башталгандан берки убакта жалпы 36 056 адам айыкты.
22-августка карата коронавирус илдетине чалдыккан 186 адам катталды. Анын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталган:
Бишкек шаарында - 51;
Ош шаарында – 3;
Чүй облусунда – 12;
Ош облусунда - 25;
Талас облусунда – 8;
Ысык-Көл облусунда – 35;
Жалал-Абад облусунда – 36;
Баткен облусунда - 16.
Пандемия башталгандан бери COVID-19 инфекциясын 42 889 адамга жуккан.
Акыркы суткада вирус жуктуруп алганы аныкталгандардын ичинен 13 адам медицина кызматкери, бир дарыгер илдеттен айыгып, ооруканадан чыкты. (ZKo)