Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:17

Украин президенти беларус бийлиги менен элин тынч диалогго чакырды


Шайлоо жыйынтыгына нааразылык. Минск. 21-август, 2020-жыл.
Шайлоо жыйынтыгына нааразылык. Минск. 21-август, 2020-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский беларус бийлиги менен элин тынч сүйлөшүү аркылуу маселени чечүүгө чакырды. Зеленский бул тууралуу 22-августта "Украина-24" телеканалына курган маегинде айтты:

"Эч качан кан төгүлбөшү керек. Кандай болгон күндө да бийлик менен коом сүйлөшүүнүн форматын табууга тийиш. Кандай болсо да болот, бирок "союл аркылуу" эмес".

Беларуста 9-августта болуп өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккандардын нааразылык акциясы уланып жатканына он күндөн ашты. Бул аралыкта жети миң киши кармалып, жүздөгөн адамдар жаракат алды.

Беларустагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбасын Евробиримдик, Канада жана Британия билдирген.

XS
SM
MD
LG