Кыргызстандын экс-президенти, төрт жолку тышкы иштер министри, АКШ менен Канададагы жана Улуу Британиядагы элчиси болгон Роза Отунбаева 70 жашка чыкты.
Отунбаева Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүндө алгачкы аял президент катары таанымал.
2010-жылкы ыңкылаптан кийинки оор учурда Убактылуу Өкмөттү жетектеген, кыйчалыш кырдаалда мамлекетти башкарууну колуна алып, президент болуп шайланган. Отунбаеванын дипломатиялык бай тажрыйбасы, эл аралык кадыр-баркы Кыргызстанды кыйчалыш маалда туңгуюктан алып чыгууга өбөлгө болгон.
Роза Отунбаева Эгемен Кыргызстандын тарыхында президенттик кызматты мыйзамга ылайык, өз мөөнөтүндө, шайлоодон утуп келген кийинки президентке тынч жол менен өткөрүп берген алгачкы мамлекет башчы.
Роза Отунбаева 1950-жылдын 23-августунда Бишкек шаарында төрөлгөн. Орто мектепти Ош шаарында алтын медаль менен аяктап, 1972-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин философия факультетин бүтүргөн. 1975-жылы философия илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.
Роза Отунбаева 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын октябрына чейин Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форумунун жана GCRF-COMPASS программасынын атайын чакырылган илимий кызматкери болуп тандалды.
Кембриж университетинин Борбор Азия боюнча форуму (GCRF) чөлкөмдү жана Евразияны изилдөө борбору болуп саналат. Форумда Кембриж университетинин департаменттеринин окумуштуулары, изилдөөчүлөрү жана студенттери бар.
Кембриж университети - дүйнө жүзүндөгү эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири жана коллегиалдуу мамлекеттик илимий-изилдөө университети болуп саналат. Англиядагы Кембриж шаарында жайгашкан. (ZKo)