Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:54

Орусиядан кыргызстандыктарды алып келүү уланууда


Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.
Екатеринбург-Бишкек багыты боюнча келген чартердик рейс. 22-май, 2020-жыл.

22-август күнү Бишкек менен Ошко Орусиянын шаарларынан кыргызстандык жарандар чартердик каттам менен жеткирилди. «Авиатраффик» компаниясынын Екатеринбург-Ош багытындагы чартердик учагы менен 162 кыргызстандык келди. Арасында балдар бар.

Ошол эле күнү Ошко чартердик каттам менен Москвадан жана Новосибирск шаарынан да кыргызстандык жарандар кайтты. Москва-Ош багытындагы учак менен 174 адам, Новосибирск-Ош багытындагы учак менен 152 адам учуп келди.

22-августта Санкт-Петербург шаарынан Бишкекке да кыргызстандык жарандар чартердик учак менен келишти. «Урал аба жолдору» компаниясынын 166 кыргызстандыкты салган Санкт-Петербург-Бишкек багытындагы чартердик учагы «Манас» аэропортуна конду. Учуп келгендердин арасында балалуу, кош бойлуу келиндер, оорукчан жана улгайган адамдар, Орусияда окуу жайларда окуган студенттер бар.

Тышкы иштер министрлиги 20-марттан 1-августка чейин чартердик каттамдар менен Орусиядан жана башка өлкөлөрдөн мекенине келе албай жаткан 30 миңдей кыргызстандыкты алып келгенин кабарлоодо. Мындан тышкары Орусиянын Самара, Оренбург шаарларынан 52 автобус менен Казакстан аркылуу кыргызстандыктар жеткирилген. Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы туруктуу аба каттамы ачыла элек.

Кыргыз бийлиги орус тарапка утурумдук каттамдарды жандантууну июль айында сунуш кылган, азырынча Орусиядан оң жооп боло элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG