Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Минскиде «Жаңы Беларустун маршы» башталды


Беларустагы нааразылык акциясы. Минск. 22-август, 2020-жыл.
Беларустагы нааразылык акциясы. Минск. 22-август, 2020-жыл.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыктарына жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин зомбулугуна каршы нааразылык акциялары 23-августта да уланууда. Ушул сааттарда Минскиде «Жаңы Беларустун маршы» өтүп жатат. Акцияда Оппозициянын координациялык кеңешинин лидерлери сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Нааразылык акциялары башка шаарларда да пландалган.

9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык акциялары бүгүн, 14-күнү уланууда. Бул аралыкта акциянын жети миңден ашуун катышуучусу кармалып, жүздөгөн адамдар жаракат алды. Камалып чыккандардын көпчүлүгү кармалган учурда жана милиция бөлүмдөрүндө токмоктолгонун билдирүүдө.

Эл аралык iSANS жамаатынын эксперттеринин колуна Беларустагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин аракеттеринен жабыркагандардын саны тууралуу медициналык маалыматтар тийди. Бул маалыматтар эксперттерге жашыруундук шартында берилген. Маалыматка ылайык, 347 адам митингдерди күч менен таратуу маалында да, андан кийин абакка кармалган учурда да жаракат алган. Эксперттер «күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин иш-аракеттери катаал жана садисттик мүнөздө болгонун» белгилешет.

Александр Лукашенко болсо 22-августта Гроднодогу митингде күч кызматкерлеринин «каталарын кечирүүгө» чакырды.

«Бул силердин эле араңардагы адамдар. Алар кайсы бир жерде ката кетирсе, аларды кечиргиле», - деди ал.

Ошондой эле Лукашенко күч түзүмдөрүнүн кызматкелери демонстранттарды митингден кууп-тараткан маалда тартылган сүрөттөрдүн 60% фейк экенин айтты.

Беларус президентин шайлоо 9-августта болгон. Борбордук шайлоо комиссиясы анда учурдагы президент Александр Лукашенко 80% ашуун добуш менен утуп чыкканын, ал эми анын башкы атаандашы Светлана Тихановскаянын алган добушу 10% жетпей калганын билдирген. Натыйжада шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон адамдар көчөгө митингге чыгышкан.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG