Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:52

Юлия Тимошенко COVID-19га чалдыкты, абалы оор


Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко.
Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко.

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы, «Батькивщина» партиясынын лидери Юлия Тимошенко коронавируска кабылганын анын басма сөз катчысы Марина Сорока билдирди.

«Тилекке каршы, бул чын. Тестинде коронавирус аныкталды. Абалы оор. Дене табы 39дан түшө элек. Күрөшүп жатат», деп жазды ал.

Украинада пандемия башталганы коронавирус 100 миңден көп кишиден табылган. Эки миңден ашуун адам көз жумду.

59 жаштагы Тимошенко эки жолу Украинанын президенттигине ат салышып, утулуп калган. Ал 2004-жылкы «кызгылт сары революциянын» башында турган саясатчылардын бири.

XS
SM
MD
LG