Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 2550 планшет берди. Аны парламенттик шайлоодо участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү маалыматтарды ыкчам алмашуу максатында колдонушат.
БШК планшеттер менен мониторлор Кыргызстандын аймагындагы 2420 шайлоо участокторуна жеткирилерин билдирди. Шайлоонун жол-жобосу атайын программа жана тиркемелер түрүндө планшеттерге түшүрүлөт.
2020-2021-жылдарда Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасы Жапониянын, Германиянын, Швейцариянын каржылык колдоосунда БУУӨП тарабынан ишке ашырылууда.