Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Штаб: «түнкүсүн дары чачып жүрүшөт» деген маалыматтар жалган


Кыргызстан. Дезинфекциялоо иштери. 22-июль, 2020-жыл.
Кыргызстан. Дезинфекциялоо иштери. 22-июль, 2020-жыл.

Республикалык штаб «WhatsApp» аркылуу «түндө дары чачып жүрүшөт» деген аудио билдирүүлөр жалган маалымат экенин билдирди. Штаб кыргызстандыктарды такталбаган маалыматтарды жайылтпоого чакырууда.

Билдирүүдө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) имараттарды жана жолдорду жөө же өрт өчүрүүчү техника менен дезинфекциялап жатканы айтылат.

Буга чейин ӨКМ дезинфекция каражаттары Саламаттык сактоо министрлигинин, эпидемиологдордун көрсөтмөсү менен даярдалып, ага байланышкан иштер бардык талаптарды аткаруу менен жүргүзүлөрүн билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG