Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:50

Акыркы суткада тогуз медицина кызматкеринен коронавирус табылды


Медицина кызматкерлери пандемиядагы иш учурунда. Июль, 2020-жыл. Нарын шаары.
Медицина кызматкерлери пандемиядагы иш учурунда. Июль, 2020-жыл. Нарын шаары.

Кыргызстанда бир суткада тогуз медицина кызматкери коронавирус жугузуп алганы аныкталды. 24-августтагы Республикалык штабдын маалыматына ылайык, вирус жугузуп алган медиктердин бирөө Бишкек шаарында, экөө Баткен облусунда, алтоо Жалал-Абад облусунда. Бир суткада ооруканалардан жана үй карантининен айыгып чыгарылган медициналык кызматкерлер болгон жок.

Расмий маалыматка караганда, пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жугузган медиктердин саны 3101 кишиге жетти. Алардын 2385и айыкты.

21-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болгонун билдирген.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Саламаттык сактоо министрлиги оорудан көз жумган медицина кызматкерлеринин жакындарына жана илдет жуккан дарыгерлердин канчасына кенемте төлөнгөнү тууралуу маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG