Ички иштер министрлиги (ИИМ) «WhatsApp» жана башка социалдык тармактарда тарап жаткан «түнкүсүн учактар менен дары чачып, андан балдар ооруйт» деген аудио жалган экенин жана бул билдирүү боюнча тиешелүү ыкчам аракеттер башталганын маалымдады.
Милиция жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренеси («Кылмыш жасалганы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу») боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мыйзамды билбегендик жоопкерчиликтен бошотпой турганын белгилейт.
ИИМ жалган маалымат таратуу фактыларын 102 кызматын кабарлоого чакырат. Буга чейин Республикалык штаб да «WhatsApp» аркылуу тараган дары жөнүндө маалыматты четке каккан. (TSh)