Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

«Бир дүйнө - Кыргызстан»: бийлик пандемияда элдин жүгүн жеңилдетүүгө жетиштүү аракет кылган жок


Бишкек шаары. Пандемиядагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.
Бишкек шаары. Пандемиядагы убактылуу ооруканалардын бири. Июль, 2020-жыл.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму 21-23-август күндөрү эксперттер менен пандемия убагында өлкөдөгү адам укуктары кандай сакталганын талкуулады. Уюм талкуунун чечимин 24-августта жарыялады.

Талкууда пандемия маалындагы Кыргызстандагы социалдык-саясий, экономикалык, адам укуктары боюнча маселелер көтөрүлдү. Анда өлкөнүн бийлик бутактары жарандар кабылган кыйынчылыктарды, коркунучтарды колдон келишинче азайтууга эркин көрсөтпөгөнү айтылды. Талкууда айтылгандай, бийликтин маселени чечүү аракеттери майнапсыз болгон.

Ошондой эле Жогорку Кеңеште Интернетти чектөөчү мыйзам кабыл алынганы, сырттан келген каражаттардын коротулушу, журналисттердин маалымат алышынын чектелиши белгиленди. Эл маселесин өзү чечип, бийлик кризистин алдын алууга аракет кылбаганы тууралуу кеп козголду.

Талкууда сөз болгондой, адам укуктары жаатында айрыкча абак жайларында абал начарлап кеткен. «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму бир нече кайрылуу түшкөнүнө карабай укук коргоочу Азимжан Аскаровдун түрмөдө көз жумганы абак жайларында катаал шарт болгонун көрсөттү деп эсептейт. Ошондой эле маселени ачык айтып чыккан жарандарды, дарыгерлерди, журналисттерди күч түзүмдөрү кысымга алганы белгиленди. Жыйындын катышуучулары байкагандай, үй-бүлөдө аялдарга, балдарга каршы зомбулук күчөп, жергиликтүү бийлик мындай маселени чечүүгө даяр эмес экенин көрсөттү.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму жогорудагы айтылган маселелерге кенен талдоо жүргүзүп, бийликке аларды чечүүнүн жолдорун сунуш кылды. Уюмдун талкуусуна бир нече коомдук уюмдун өкүлдөрү катышкан.

Азырынча кыргыз бийлиги уюмдун билдирүүсүнө жооп бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG