Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Депутат Зиядин Жамалдинов мандатын тапшырды


Зиядин Жамалдинов.
Зиядин Жамалдинов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын өзүнүн жазган арызынын негизинде токтотту. Бул тууралуу Зиядин Жамалдинов «Азаттыкка» билдирип, өз чечимин күзүндө өтчү парламенттик шайлоого байланыштырды.

«Шайлоого депутат эмес, жөнөкөй жаран катары барууну чечтим», - деди Жамалдинов.

Ал Жогорку Кеңешке шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. 24-августта Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин тактап бүтүшү керек. Кечке чейин алар БШКга тизмелерин тапшырышат. 4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат.

22-августтагы расмий маалыматка караганда, 20дан ашуун партия жыйын өткөрүп, тийиштүү документтерди БШКга берди.

Жогорку Кеңешке ат салышарын алгач 44 партия билдирип, кээ бирлери түрдүү себептерден улам каттоого алынган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG