Өнөр жай жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Эмил Осмонбетов Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде 2020-жылы маал-маалы менен жарык өчүрүлбөй турганын билдирди.
Анын айтымында, «Электр станциялары» ишканасы электр энергиясын жеткирүүдө эч кандай чектөө жок.
24-августтагы маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14,666 миллиард кубометрди түзөт. Өкмөттүн божомолунда 2020-жылдын октябрь айына чейин Токтогул суу сактагычында 14,9 млрд. куб метр суу топтолот. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,3 млрд. куб метрге аз.
Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 2019-жылдын 1-октябрына карата 17,2 млрд. куб метр, 2018-жылдын ушул мезгилинде – 19,2 млрд. куб метр, 2017-жылы 19,6 млрд. куб метр болгон. Суу сактагыч эң көп дегенде 19 млрд. 500 млн. куб метрге чейин сууну батыра алат.
1-августта президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиодогу» маегинде Токтогул суу сактагычында аба ырайына байланыштуу суу аз топтолуп калганын билдирген. Жээнбеков өлкө электр энергиясы менен камсыз болорун айтып, эспетөөлөрдүн жыйынтыгы менен гана сырттан сатып келүү караларын маалымдаган. (TSh)