Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:46

Министрлик пандемияда кургак учук менен ооругандарды өзгөчө сактанууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги кургак учук менен ооруган бейтаптарды ден соолугуна жакшылап көзөмөл жүргүзүп, тамактануусуна көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

«Оору алардын иммунитетин алсыратты, андыктан кургак учук менен ооруган бейтаптар коронавирус жана пневмония илдетинде тобокелчилик тобуна кирет», деп айтылат маалыматта.

Мындан беш ай мурун, 24-март - Кургак учукка каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүнө карата Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен кайрылуу тараткан. Өз кайрылуусунда ал кургак учук менен ооруган адамдар үчүн коронавирустун оор формаларына чалдыгуу коркунучу көп экенин, андыктан аларды коргоого колдон келишинче аракет кылыш керек экенин билдирген.

2011-жылдан бери БУУнун жардамы менен Кыргызстанга 1200 бейтап үчүн дары-дармек сатылып алынган. Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% эмгекке жөндөмдүү куракта. Фтизиатрия боюнча улуттук борбордун ​кургак учук боюнча маалыматына караганда, 2016-жылы 100 миң адамга 144 учур болсо, 2017-жылы 127 учур катталды. 2001-жылы бул көрсөткүч 168 болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG