Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 01:43

Президент менен өкмөт башчы карантиндик чараларды алуу жана аба каттамдарын ачуу маселелерин талкуулашты


Сооронбай Жээнбеков жана Кубатбек Боронов. Онлайн кеңешме. 24-август, 2020-жыл.

24-августта Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеде алар өлкөдөгү эпидемиологиялык, социалдык-экономикалык абал, чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдык боюнча маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы карантиндик чараларды бара-бара алуу боюнча даярдык, чет мамлекеттер менен транспорттук байланыштарды паритеттик негизде жандандыруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү туурасында айтып берди. Боронов аэропорттор жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр экенин, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыкканын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек араларды ачууда чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алыш керек экенин, айрым мамлекеттерде пандемия токтобой жатканын эске салды. Мамлекет башчы өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаал оңоло түшкөнүнө карабастан өкмөт жарандарга санитардык ченемдерди сактоо тууралуу маалымат берүүнү улантышы зарыл экенин айтты.

Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалыматына караганда, 24-августка карата акыркы суткада Ош облусунда COVID-19 илдетин жугузган бир адам көз жумду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1056 адамга жетти. Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 023 адамга жетип, анын ичинен 36 397 киши айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч адам 18-мартта катталган. Министрлик 18-августта каза болгондордун статистикасы кайра каралып чыкканын, ага ылайык 437 кишинин өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун, сегиз учур эки жолу катталып калганын жарыялаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG