Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:29

Ошто кайырчылык кылган 52 бала аныкталды


Оштогу базарлардын бири.
Оштогу базарлардын бири.

Ош облусунун аймагында кайырчы, селсаяк болуп кеткен өсүпүрүмдөрдү аныкташ үчүн 19-21-августта «Тилемчи» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Натыйжада тилемчи жана селсаяк болуп кеткен 52 бала аныкталып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Алардын ата-энелерине, мыйзамдуу өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

2019-жылдагы ар кандай эл аралык уюмдардын маалыматына ылайык, Кыргызстандын калкынын 36% жашы 18ге жете элек өспүрүмдөр түзөт. 2015-жылдагы изилдөөлөр көрсөткөндөй өлкөдөгү балдардын 40% жакырчылыкта жашайт. Ошол себептен алар жаш кезинен жумушка тартылат.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 26,7% эмгекке тартылган. Айыл жергесинде жашаган балдар шаарда тургандарга караганда көп иштегенге мажбур. (TSh)

XS
SM
MD
LG