Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Шайлоо-2020: 23 партия шайлоого катышуудан баш тартты


Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 24-август саат 12:00дөгү маалыматына ылайык, 23 партия парламенттик шайлоого катышуудан баш тарты. Бир партия мыйзам боюнча шайлоо фондунун эсеп-чотун өз мөөнөтүндө ачкан эмес. Ал эми 20 партия белгиленген мөөнөт 20-августка чейин жыйын өткөрүп, талапкерлердин тизмесин аныктады.

Бүгүн, 24-август саат 18:00гө чейин Жогорку Кеңешке аттанган партиялар талапкерлердин тизмесин тактап, БШКга тапшырышы керек болчу. Азырынча БШК канча партия документтерин тапшырып, жарышка расмий уруксат алганы боюнча маалымат бере элек.

4-сентябрда бир айлык үгүт иштери башталат. Кыргыз парламентине шайлоо 4-октябрга белгиленген. Жогорку Кеңешке ат салышууга алгач 44 партия ниетин билдирген. Кыргызстанда 120 орундуу парламентке депутаттар партиялык система менен беш жылда бир шайланат. (TSh)

XS
SM
MD
LG