Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Шайлоого байланыштуу бир катар өкмөт өкүлдөрү кызматын тапшырды


Шайлоого байланыштуу вице-премьер-министр Аида Исмаилованын кызматтык ыйгарым укуктары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду. Тийиштүү буйрукка премьер-министр кол койгону 24-августта расмий кабарланды.

Ушундай эле буйрук менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаевдин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкуловдун, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору Шумкарбек Адилбек уулунун да кызматтык ыйгарым укуктары токтотулду.

Аида Исмаилова кайсы партиянын катарында шайлоого барары айтылган жок. Ал вице-премьерликке чейин парламенттин алтынчы чакырылышында «Республика - Ата Журт» фракциясынан депутат болгон.

Мелис Турганбаев «Замандаш» партиясынан, Канат Аманкулов «Мекеним Кыргызстан» партиясынан алдыдагы шайлоого талапкер болгон.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. (SE)

XS
SM
MD
LG