Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Беларуста оппозициялык кеңештин эки мүчөсү кармалды


Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү. 18-август, 2020-жыл.
Беларус оппозициясынын Координациялык кеңешинин мүчөлөрү. 18-август, 2020-жыл.

Беларус бийлиги оппозиция түзгөн Координациялык кеңештин эки мүчөсүн кармап кеткени маалым болду. Ошондой эле кеңештин дагы бир мүчөсү, адвокат Лилия Власова Тергөө комитетине чакыртылганын БелСАТ мамлекеттик агенттиги жазды.

Тихановскаянын башкы жардамчысы Ольга Ковалькова менен иш таштоонун уюштуруучусу Сергей Дылевский 24-августта эртең менен кармалганы маалым болду. Аларды Минск трактор заводунда уруксатсыз митинг өткөргөнү үчүн айыптап жатышат.

Заводдун жумушучусу 30 жаштагы Дылевский президент Александр Лукашенкону ачык сындап, полициянын жана эл аралык медианын назарына илинген. Дылевский полициянын ур-токмогуна кабылган демонстранттарды көргөндөн кийин иш таштоого үгүттөгөнүн билдирип келет.

Жекшембиде Лукашенко жумушчулары бийликке каршы акцияга кошулган заводдор жабыларын эскерткен.

«Эгер заводдор иштебесе, дүйшөмбүдөн тартып дарбазаларын жаап, ишин токтотолу. Эл өзүнө келгенден кийин ким иштей турганын чечебиз», - деп айткан ал.

23-августта Беларуста оппозициянын эң ири акциясы өттү. Минскидеги Эгемендик аянтына ар кандай эсептер менен жүз миңден көп адам чогулганы кабарланды.

Беларустагы акциялар 9-августтан бери токтой элек.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG