«Бир дүйнө» даректүү тасмалар фестивалы бул ирет «Адамдар жана кырсыктар: коркунучтар кырсыкка айланбашы үчүн эмне кылыш керек?» деген маселеге арналат.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму эл аралык фестивалга тасмаларды кабыл алуу уланып жатканын билдирди.
Алгач кабыл алуу мөөнөтү 9-апрелден 15-июнга чейин деп белгиленип, пандемиядан улам 5-сентябрга чейин узартылды. Фестивалды 11-15-ноябрда онлайн өткөрүү пландалууда.
Фестивалды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму жыл сайын уюштурат, быйыл 14-жолу өтөт.
Сунуш кылынган видеолордун узактыгы бир сааттан ашпоого тийиш. Каалоочулар birduinokyrgyzstan@gmail.com дарегине кат жазса болот. (SE)