Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

Ооруканада ВИЧ жуккандарга 2022-жылы бир жолку кенемте төлөнөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ\СПИД жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгону 24-августта расмий кабарланды.

Документке ылайык, ооруканада бул вирусту жугузуп алганын далилдеген документи бар, 18 жаштан өткөн жарандарга жана балакатка жете элек балдардын ата-энелерине бир жолку кенемте берилет.

Бир жолку акчалай кенемтенин өлчөмү 100 миң сомдон кем болбошу керек.

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2005-2018-жылдары Кыргызстанда ВИЧ илдети бар 632 бала аныкталган. Алардын 382ине илдет ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен жуккан. Ушул күнгө чейин 50гө жакын бала көз жумган.

XS
SM
MD
LG