Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 16:50

«Кыргызстан» партиясы Интернеттеги маалыматты төгүнгө чыгарды


«Кыргызстан» саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин тактап бүтпөй калганы тууралуу маалыматты анын мүчөлөрү четке кагышты.

Партиянын мүчөсү Нурбек Алимбеков андай маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрү да андай маалымат жок экенин айтышты.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта кечки саат алтыда токтотту. Жалпысынан 17 партия расмий каттоого алынды.

Социалдык тармактарда айрым колдонуучулар «Кыргызстан» партиясы талапкерлердин тизмесин тактап бүтпөй калганын жазышкан.

4-сентябрга чейин талапкерлер тууралуу маалыматтар текшерилип, анан бир айлык үгүт башталат. Шайлоо 4-октябрда болот. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG