Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Башкырстанда активист тогуз жылга кесилди


Айрат Дилмухаметов сотто. 14-июль, 2020-жыл.
Айрат Дилмухаметов сотто. 14-июль, 2020-жыл.

Самарадагы аймактык аскердик сот белгилүү башкыр активисти Айрат Дилмухаметовду тогуз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле ага интернет-сайттарды иштетүүгө үч жылга тыюу салды.

Ал «Орусиянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетирген», «террорго үгүттөгөн пропагандалаган» жана «экстремисттик ишмердүүлүккө жана аны каржылоого ачык үндөгөн» деген кинелер боюнча айыптуу деп табылды.

Активист былтыр жазында кармалган. Анын иши 27-майда Самара шаарындагы аскердик сотто карала баштаган. Коюлган айыптарды мойнуна албаган Айрат Дилмухаметов эл аралык коомчулукка кайрылып, моралдык, материалдык жана маалыматтык колдоо көрсөтүүгө чакырган.

«Мемориал» укук коргоо уюму 2019-жылдын апрель айында Дилмухаметовду саясий туткун катары тааныган.

XS
SM
MD
LG