Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Наманганда экстремисттик топ кармалганы кабарланды


Өзбекстандын Наманган облусунда бир канча киши «Facebook» жана «Telegram» аркылуу жихадга үндөгөн деп айыпталууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, алар милиция менен атайын кызматтын биргелешкен операциясында колго түшкөн.

Топтун 55 жаштагы башчысы Абу Салах, Садык Самарканди өңдүү экстремист лидерлердин ишмердигин жайылткан, катарына уулун, жээнин жана классташтарын кошуп алган деп шек саналууда.

«Мындан тышкары, ал Сириядагы террордук топко катышы бар кишилер менен Интернет аркылуу байланышта болгон. Орусиядагы тааныштары жана экстремисттик топторго катышы бар достору аркылуу Сирияга төрт жолу акча жөнөткөн», деп айтылат кабарда.

XS
SM
MD
LG