Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 06:05

Өзгөндө беш гектар арпа күйүп кетти


Өзгөн. 24-август, 2020-жыл.

24-августта Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында талаадан өрт чыгып, 10 гектардай жер күйүп кетти. Анын беш гектарында арпа өсүп турган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Учурда өрттүн себеби такталууда.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2020-жылы жети ай ичинде республика боюнча 1236 өрт катталган. Бул былтыркыдан 39,7% аз. Өрттөн 10 адам каза болуп, 16 киши жабыркаган. Куткаруучулар 24 кишинин өмүрүн сактап калган. Өрт көпчүлүк учурда электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан келип чыгат. (TSh)

XS
SM
MD
LG