Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Туванын башчысы коронавируска экинчи ирет чалдыкканын билдирди


Орусиянын Тува аймагынын башчысы Шолбан Кара-Оол. 13-апрель, 2018-жыл.
Орусиянын Тува аймагынын башчысы Шолбан Кара-Оол. 13-апрель, 2018-жыл.

Орусиянын Тува аймагынын башчысы Шолбан Кара-Оол экинчи ирет коронавируска чалдыкканын билдирди. Ал «Инстаграм» социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырган видеодо үч ай мурда коронавирус менен ооруганын, эми кайра эле ошол диагноз менен инфекциялык ооруканага түшкөнүн айтты.

Ал бул ирет оорунун белгилери мурдагы жолкудан айырмаланарын кошумчалады. «Көкүрөгүм эмес, башым катуу ооруп жатат. Өлбөш керек», - дейт ал видеодо.

Шолбан Кара-Оол экинчи жолу бул ооруну жугузуп алуу мүмкүн эмес экенине ишенгенин айтат.

Тува Республикасынын башчысынын анализинде коронавирус май айында табылган. Аны менен кошо анда өкмөттүн бир нече мүчөсү ооруканага түшкөн.

Орусияда коронавируска 960 миңдей адам кабылган, 16,5 миңдей киши бул оорудан көз жумган.

Коронавирусту экинчи ирет жугузуп алганы расмий катталган адам тууралуу Гонконг университетинин окумуштуулары 24-августта билдиришкен. Алардын иликтөөсүнө караганда, бейтап бул жолу жугузган коронавирус бир нече ай мурда чалдыккан коронавирустун штаммынан айырмаланган.

XS
SM
MD
LG