Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) кезектеги отурумун өткөрүп, документ тапшырган 17 партия жөнүндө маалымат берди.
Айрым партияларга 48 сааттын ичинде документтерди толуктоого убакыт берилгени маалым болду.
БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматовдун жумушчу комиссия текшерип чыккан партиялар жөнүндө маалыматы:
1. «Актив» партиясы шайлоо күрөөсүн төлөгөнү тууралуу документи жок. 80 талапкердин тизмесин берген.
2. «Ооганстан согушунун жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясынын» талапкерлери тууралуу электрондук маалымат жок.
3. «Мекен Ынтымагы» партиясы 150 талапкердин тизмесин берген. Талапкерлер тууралуу электрондук маалымат жок.
4. «Ата Мекен» партиясы 150 талапкердин тизмесин берген. Бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.
5. «Мекенчил» партиясынын бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.
6. «Бир Бол» партиясы 109 талапкердин тизмесин берген. Бардык документтери толук, мыйзам талаптарына жооп берет.
7. «Ыйман Нуру» партиясы 102 талапкердин тизмеси берилген. Партиянын документтеринде эки талапкердин кызматтык милдеттерин токтото туруу тууралуу буйруктун көчүрмөсү жок.
8. «Замандаш» партиясынын айрым талапкерлеринин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.
9. «Чоң Казат» партиясы 82 талапкердин тизмесин берген. Айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.
10. «Реформа» партиясынын документтерин БШКнын жумушчу тобу карап жатат.
11.«Республика» 200 талапкердин тизмесин берген. Бул партиядан да айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.
12. «Бүтүн Кыргызстан» 120 талапкердин тизмесин тапшырган. Бул партиядан да айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча жетишпестиктер бар.
13. «Социал-демократтар» БШКга 104 талапкер тууралуу маалымат берген. Партиянын эки талапкери тууралуу өздүк маалыматтарда кемчиликтер бар.
14. «Биримдик» партиясынын документтерин БШКнын жумушчу тобу карап жатат.
15. «Мекеним Кыргызстан» 200 талапкердин тизмесин берген. Айрым талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.
16. «Ордо» 101 талапкерди көрсөткөн. Бул партияда да талапкерлердин өздүк маалыматтары боюнча кемчиликтер бар.
17. «Кыргызстан» партиясынын документтерин БШКнын жумушчу тобу карап жатат.
Жыйынга катышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү «Кыргызстан» партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмеси боюнча талкуулоону сунуш кылышты. Буга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова «ананыраак каралат» деп жооп берип, тыныгуу жарыялады.
24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган.
«Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, партия өкүлдөрү штабдан кечки саат 18:00гө 20 мүнөт калганда БШКны көздөй чыгып кеткенин билдирди. Бул убакыт БШКнын имаратына жетип, документ тапшырыш үчүн жетишүү болгонун, бардык документтер өз убагында берилгенин айткан.
Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. (BTo/TSh)