Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:49

Боронов: Саламаттык сактоо министринин санариптештирүү боюнча орун басары болот

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинде санариптештирүү боюнча министрдин орун басарынын кызматы киргизилди. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов 25-августта онлайн басма сөз жыйынында билдирди. Боронов ал кызмат үчүн өзүнчө штат ачылар-ачылбасын айткан жок.

«Пандемия убагында саламаттык сактоо чөйрөсүндө бейтаптар боюнча маалыматтарды тезинен иштеп чыгып, мониторинг жүргүзүүдө кыйынчылыктар келип чыкты. Ошондуктан саламаттык сактоо министринин санариптештирүү боюнча орун басарынын кызматы киргизилди», - деди.

Бороновдун айтымында, өкмөт медицина тармагында санариптештирүүнү тездетүүгө аракет кылып жатат. Пандемия күчөп турган июль айында өлкөнүн саламаттык сактоо системасындагы бир топ маселелер бар экени аныкталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG