Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Министр Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулду


Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Премьер-министр Кубатбек Боронов эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, буга Кочкоровдун арызы негиз болду. «Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, анын кызматтык ыйгарым укуктары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулат.

Кочкоров «Биримдик» партиясынан шайлоого катыша турганы белгилүү. Партия тизмесинде ал Акылбек Жамангуловдон кийинки экинчи сапта турат.

Ал эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп 2018-жылдын 25-октябрында дайындалган.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүшү керек. (NT)

XS
SM
MD
LG