Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жумушчу тобу кезектеги отурумун өткөрүп, документ тапшырган 17 партия жөнүндө маалымат берди.
Жыйында жумушчу топтон «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүү жөнүндө сунуш түштү. БШКнын өкүлү Абдыжапар Бекматов жагдайды журналисттерге мындай түшүндүрдү:
«Мыйзамда көрсөтүлгөн субъект аркылуу берилбегендиги үчүн жумушчу топ кайтарып берүү жөнүндө БШКнын кароосуна сунуш кылды. Борбордук шайлоо комиссиясы отурумунда тийиштүү чечим чыгарат».
«Кыргызстан» партиясынын өкүлү Талант Мамытов БШКга кайрылып, «айрымдардын басымы астында» чечим кабыл албоого чакырды.
24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган.
Партиянын лидери Канатбек Исаев 25-августта Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, партия өкүлдөрү штабдан кечки саат 18:00гө 20 мүнөт калганда БШКны көздөй чыгып кеткенин билдирди. Ал бул убакыт БШКнын имаратына жетип, документ тапшырыш үчүн жетишүү болгонун, бардык документтер өз убагында берилгенин айткан.
Мыйзам боюнча БШК Жогорку Кеңешке шайлоого бара турган партиялардан талапкерлердин тизмесин жана тийиштүү документтерди кабыл алууну 24-августта саат 18:00дө токтотушу керек.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. (TSh)