Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз гидрометеорология агенттиги билдиргендей, 26-27-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратышы мүмкүн.

26-27-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

26-августта эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 22…27;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Баткен облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 18…23;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15 градус жогору болот.

Бишкек шаарында 26-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 25…27 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG